Саат 20:00дөн 07:00гө чейинки текшерүүлөр Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда жүргүзүлгөн.

Кармалган жарандардын ичинен:

• Бишкек шаары боюнча 82;

• Ош шаары боюнча 8;

• Жалал-Абад шаарында 3;

• Сузак районунда 4;

• Кара-Суу районунда 2 адам бар.

Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар болгон эмес.

Аймактык милиция пункттарына жеткирилген жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык саат аяктагандан кийин бошотулду. Жалпысынан коменданттык саат башталган 25-марттан тарта 3 шаар жана 3 райондо 1489 адам кармалган.

Булак: Баракелде