Анда «Коронавирустук инфекциясынын жайылышына байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар жөнүндө» маселе каралууда.
Жыйында депутат Бакыт Төрөбаев коронавирустун жайылышына жол бербеш үчүн өлкөнүн бардык аймагында өзгөчө абал жарыялоону сунуш кылды. Анын айтымында, өлкөдө коронавируска байланыштуу абал оңолбой жатат.
«Бүгүн өлкөнүн бардык аймактарында өзгөчө абал киргизилиши керек. Биз изоляцияга кетпесек, жагдай өзгөрбөйт», — деди Төрөбаев.
Бирок Кыргызстанда өзгөчө абалды узартуу өлкө экономикасына абдан чоң сокку урарын айтып, аны узартпаш керек экенин айткан депутаттар болду.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.
Булак: Элгезит