Чет өлкөдөн кайтып келип үй карантинин сактабай койгон 8 айылдашынын айынан Түп районундагы Ысык-Көл айылынын бардык тургундары изоляцияга алынды. Бул тууралуу Коронавируска каршы күрөш боюнча мамлекеттик штаб маалымдады.
Карантиндин шарттарын бузгандар обсервацияга мажбурлап жаткырылды.
Облустук штаб коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында жалпы айылды изоляцияга алуу чечимин кабыл алган.
Булак: vesti.kg