Коронавирус умрага баргандардан жана дааватка чыккандардан улам Кыргызстанга келгенин эске алып, көптөгөн эксперттер, ак-караны ажырата билгендер оор болсо да  2-3 жыл Пакистанга, Индияга, Бангладешке дабатка баргандарды тыюу керектигин айта башташты.

Ошондой эле  тобокелчилиги көп мамлекеттерге барууга, айылма-айыл, үймө-үй кыдырып даават кылууга тыюу салуу маселеси күндүн темасына айланды.

Профессор Алмазбек Акматалиев “Фейсбуктагы” баракчасына буларды жазды:

- Кыргызстанга келген коронавирус опурталдуу ооруусу 90% умрага жана даваатка барып келгендер менен байланыштуу болуп жатат. Эми, бул оору ушул жыл менен толук токтоп калат деп кепилдик эч ким бералбай турганы анык болуп калды көрүнөт! Ушуга байланыштуу ажылык жана умра зыяраттары, ички жана өзгөчө тышкы дааваттар (Индия, Пакистан, Бангладеш сыяктуу санитария жактан өтө ыплас мамлекеттерге) бери дегенде 3 жылга токтото турулушу керек деп ойлойм... Дүйнөдөгү пандемия маселеси оңолуп кетсе кайра буларды калыбына келтирип коюш кыйынга турбайт! Жогорку Кеңештин кечиктирилгис демилгесин күтөбүз! Муну элдин көпчүлүгү деле туура көрөт болуш керек! “Сактансаң сактайм” деген эле ушул да... Өз элин кооптуу жагдайлардан, катуу ооруларга чалдыгып калчу чоң эл аралык жана ички иш чаралардан сактап, коргоп калуу бул Өкмөттүн милдети! Мына, керек болсо футбол боюнча Европа чемпионаты, Токиодо өтүүчү Дүйнөлүк Олимпияда сыяктуу массалык дүйнөлүк иш чаралар токтотулду! Ошол үчүн бул сунуш дин маселеси эмес! Бул коопсуздук маселеси.