Бул туурасында өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, акимиаттын башкармалыгында иштеген бир кызматкердин аялы эжеси менен Дубайга барып келген. Алар Бишкекте обсервацияга жаткырылып, анализи алынгандан кийин үй карантинине жиберилген. Кийинчерээк кызматкердин жубайынын эжеси коронавирус жуктурганы аныкталган. “Дубайдан келгендер карантиндик эреженин баарын кынтыксыз аткарышкан. Кечээ акимиат кызматкеринен анализ алынып, натыйжада COVID-19 жукканы тастыкталган жок. Ал эми чет өлкөгө барып келген аялдын анализи азырынча чыга элек”, — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, райондук администрацияда иштеген бардык кызматкерлердин анализи алынган. Алардын жыйынтыгы жакынкы арада чыгат. Жеринде медиктер, милиционерлер жана ӨКМ кызматкерлери иш алып барууда.
Акимиаттын имаратынын ичине керебет жана башка керектүү буюмдар киргизилип, тамак-аш уюштурулган.
Кыргызстандагы коронавирус
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 107ге жетти. Алардын 49у эркек, 58и аял киши. Ал эми кечээ Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланган.