Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
"Бүгүнкү күндө видео сабактарды көрсөтүү боюнча телеканалдар менен иштешип жатабыз. "Баластан" телеканалынан атайын пайдалуу жана таанып-билүүчү көрсөтүүлөр чыгарылып турат. Алардын ичинде балдарды мектепке даярдоо боюнча 480 сааттык программа жана башталгыч класстардын окуучулары үчүн видео сабактар бар", - деди Жусупбекова.
Анын айтымында, 5-9-класстардын окуучулары үчүн "Илим-Билим" ЭлТР, "Пирамида" жана "5-канал" телеканалдарынан видео сабактар көрсөтүлөт.
"Билим берүү жана илим министрлиги бардык окуучулар үчүн электрондук материалдарды иштеп чыкты. Башталгыч класстар үчүн электрондук материалдарды Ibilim порталынан тапса болот, ал эми 5-11-класстарга арналган материалдар "Билим булагы" порталына жүктөлдү. Кырктан ашык аудио жана видео материал даярдалган", - деди ал.
"Биздин мугалимдер 16-марттан тарта окуучулар менен Zoom, Whatsapp интернет программалары аркылуу байланыш түзүүдө. Мугалимдер мессенджерлер аркылуу видео сабактардын чыгуу убактыларын жана жүгүртмөлөрүн окуучуларга билдирип турушат", - деди Жусупбекова.
Эскерте кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстанда мектептер менен окуу жайлар 16-марттан 8-апрелге чейин карантинге жабылган.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлар 107ге жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.
Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.
Будак: Кабар