Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.
Анын айтымында, кармалгандардын ичинен 116сы эркек, ал эми 18сы аял кишилер жана 3 өспүрүм.
«Ленин районунда 26, Свердлов районунда 62, Биринчи май районунда 24 жана Октябрь районунда 25 адам кармалды», — деди комендант.
Белгилей кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.
Булак: Элгезит