Бул маалыматты бүгүн, 30-мартта АКИpress агенттигине ооруканадан билдиришти.
Дарыгердин маалыматы боюнча, кайталанып алынган анализдин жыйынтыгында коронавирус табылган эмес.
«3 бейтап — 1958-жылы, 1974-жылы жана 1976-жылы туулган бейтаптар оорудан айыкты. Алар ооруканада 14 күндөн ашык убакыт дарыланышты. Бардык анализдин жыйынтыгында коронавирус табылган жок, рентгендин жыйынтыгы да канааттандырарлык деп чыкты. Бүгүнкү күндө алардын абалы жакшы. Айрым маселелер чечилгенден кийин ооруканадан чыгарабыз», - деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда жалпы 84 адамдан коронавирус аныкталган.
Коронавирус боюнча аймактардагы жалпы көрсөткүч:
- Ош облусунда – 33 учур;
- Жалал-Абад облусунда – 39 учур;
- Бишкекте – 7 учур;
- Чүй облусунда – 3 учур;
- Баткен облусунда – 1 учур;
- Нарын облусунда – 1 учур.
Булак: Баракелде