Коронавирус илдетинин республика аймагына жайылышы менен Чуй облусунда өзгөчө кырдаал, борбор калаада - Бишкекте өзгөчө абалдын кириши менен Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте, күнү-түнү жол кыймылынынын коопсуздугун сактоо боюнча, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана башка кызматтарга көмөк көрсөтүү боюнча санитардык карантиндик постордо кызмат өтөөдө.

Төмөнкү карантиндик-санитардык посттор иштөөдө:

1. “Сосновка” посту (Жайыл району)

2.  “Маловодный” посту (Сокулук району)

3. “Киргшелк” посту (Ысык-Ата району)

4. “Красный мост” (Боом) Кемин району  

Урматтуу Чүй облусунун тургундары, илдетти алдын алуу жана болтурбоо максатында кажети жок жолго чыгууну токтотууну сунуштайбыз. Үйдө отуруп сиз өзүнүзгө жана бизге чоң жардам бересиз!

Чүй облустук ЖКККБ басма сөз кызматы