Жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышуу максатында Балыкчы шаарынын мэри Марат Кудайбергенов кызматынан өз ыктыяры менен кетти. Буйрукка премьер-министр кол койду.
Марат Кудайбергенов 2019-жылдын 14-майында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэрлигине “Замандаш” фракциясынан талапкер болуп чыгып, 22 добуш алып, утуп чыккан. Эми жергиликтүү кеңештин шайлоолорунда өзүн сынап көрөт.