Команданы күтпөй эркин ойлонуп, өз демилгеси менен өкмөткө кол сунуп, зарыл болгон жерлерге маска, антисептик, вирус менен күрөшүүгө зарыл болгон атайын кийимдерди жеткирип бергенин көрүп, ичиң жылыйт экен. Бири колунда бар каражатын чыгарса, бири 15 миллион чыгарып, айтор элдин саламаттыгы үчүн кам көрүп, мамлекетке колдорунан кол келишинче кол-кабыш кылып жатышат.
Кечээ алыскы Чоң Алайга да коронавирус менен күрөшүүгө керектелүүчү буюмдар жеткирилди. Ал жардамды Чоң-Алай коомдук бирикмеси менен бирдикте Азат Эркебаев берди. Булар Чоң-Алайга эле эмес, карылар үйүнө да антисептик, хлорка, 500 беткап, 15 дезинфекциялоо костюмдарын беришти.