Ал социалдык тармактагы баракчасына: «Экинчи жыйынтыктоочу анализим да таза чыкты. Коронавирус жок. 14 күн үй карантини да бүгүн соңуна чыкты», - деп жазды.

А.Касымалиева 13-мартта Германиядан Бишкек шаарына учуп келген. Германияга иш сапары менен барган депутат парламенттин иши менен таанышмак. Ал жана кесиптештери Кыргызстанга кайтып келгенден кийин үй карантинге алынган болчу.

Булак: Баракелде