Интернетте обсервациядагы медициналык кызматкерлердин бийге түшкөнү тездик менен тарап жатат.
Дарыгерлер «Биз коронавирусту жеңебиз» деп шаңдуу кыйкырып жатышканын угууга болот.
Тасма Бишкектеги «Ак -Кеме» мейманканасындагы карантиндик аймакта тартылганы айтылууда.
Эске салсак, бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирустук инфекцияны жуктурган 44 адам катталган.
Булак: vesti.kg