Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта АКИpress агенттигине УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
«Азырынча даттануу боло элек. Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө», - деп айтылат маалыматта.
Атамбаев Биринчи май райондук сотунда 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча соттук процесске катышты. Жактоочу Сергей Слесаревдин айтымында, А.Атамбаев өзүн жаман сезгендиктен отурум жылдырылды.
«Түштөн кийин ал бир аз ооруп, кан басымы түшүп кетти. Ал процесске катыша алган жок», - деди жактоочу. Ошондой эле ал судья Марат Сыдыков отурумду 30-мартка жылдырганын кошумчалаган.
Булак: Баракелде