Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта өкмөттөгү брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова билдирди.

Анын айтымында, дезинфекциялык каражаттар менен тазалоо иштери көчөлөрдө жана калк жыш жайгашкан пункттарда жүргүзүлөт. Бишкек мэриясы графикти бекитип, борбордо иштер аткарыла баштайт.

Ахматова дүкөндөрдүн жана дарыкана кызматкерлеринин иши тууралуу суроого: «Кызматкерлердин ден соолугуна жана санитардык-дезинфекциялык иштердин жүргүзүлүшүнө иш берүүчү жоопкерчиликтүү»,-деп жооп берди.

Ошондой эле ал аймактарда сунуштардын канчалык деңгээлде аткарылып жатканын текшерип туруучу санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлору бар экенин айтты.

«Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлору сатуучулар бет кап тагынып, кол каптарды колдонуп жатканын текшерип турушат», - деди Ахматова.

Булак: Баракелде