Бүгүн, 23-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон окуялар боюнча соттук процесс башталат. Бул иш боюнча 14 адамга айып тагылган. Алардын арасында мурунку президент Алмазбек Атамбаев дагы бар.

Соттун имаратында айыпталгандардын туугандары менен тарапташтары чогулду. Соттук отурум судья Марат Сыдыковдун жетекчилиги алдында өтөт.

Булак: Баракелде