Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта өкмөттөгү брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө обсервацияларда 2290 орун даярдалган.
Бүгүн, 23-мартта саат 09:00гө карата Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктурган жаңы учурлар катталган жок. абалы орто оор деп бааланып жаткан эки бейтаптын бири — 1949-жылы туулган эркек киши жандандыруу бөлүмүнө которулду. Ал эми экинчи бейтап (аял киши) жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жатат. Калган 12 бейтаптын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Буга чейин алардын дене табы 38 градус болуп, кургак жөтөл бар экени маалымдалган. Бейтаптар Жалал-Абад облусунун тургундары.
Кыргызстанда коронавирус жуктурган 14 бейтаптын ичинен 8 адам Сузактын, экөө Бишкектин, бири Баткендин жана үчөө Ноокаттын жашоочулары (алтоо эркек, сегизи аял киши, 24 жаштан 80 жашка чейинкилер).
Булак: Баракелде