Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустук инфекцияны тез аныктоочу 5000 экспресс-тест сатып алды. Ага республиканын аймагында коронавирустук инфекциянын таралышын алдын алуу жана болтурбоо боюнча Каржы министрлигинде ачылган атайын эсептен каражат бөлүнгөн.
Ыкчам штабдын маалыматы боюнча, экспресс-тесттин салттык тестирлөө ыкмалардан артыкчылыгы - жөнөкөйлүгүндө, арзандыгында жана жыйынтыгынын тез чыгышында. Бул тесттер 20 мүнөттүн ичинде коронавирустун бар экендигин аныктоого жана республикада вирустун жайылышын таратпоого артыкчылык берет. Серологиялык реакция улана берсе, милдеттүү түрдө ПЦР анализ жүргүзүлөт.
Адистер бүгүндөн баштап коронавирусту дал ушул экспресс-тесттердин жардамы менен аныктай башташат. Бул экспресс-тесттер Кытайда, Түштүк Кореяда, ошондой эле дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө жаңы коронавирусту аныктоодо оң тажрыйбаларын көрсөткөн.
Булак: Баракелде