Бүгүн, 22-мартта коронавируска байланыштуу өлкөдөгү абал боюнча өкмөттөгү брифингде ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев маалымат берип жатат.

Анын айтымында, өлкөгө өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден баштап 6500 милиция кызматкери иш алып барууда.

«Укук коргоо органдары күчөтүлгөн реджимде күнү-түнү иштеп жатат. Жалпы 6,5 миңден ашык өздүк курам тартылды. Биздин милдетибиз коопсуз тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо болуп саналат», - деди ал.

Булак: Баракелде