Алардын дене табы 38 градус, кургак жөтөл бар. Бул маалыматты коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова бүгүн, 22-мартта кечки онлайн маалымат жыйында билдирди. Алар Жалал-Абад облусунун тургундары.

Бүгүн саат 18:00гө карата Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Өлкөдө жалпы 14 бейтап бар.

"Коронавирус аныкталган бейтаптар менен байланышта болгон 2628 адам аныкталды. Коронавирус аныкталган 2 бейтаптын абалы орто оор, калгандары – 12 бейтаптын абалы канааттандырарлык. Симптомдук дарылоо иштери улантылат", - деди А.Ахматова.

Бейтаптардын ичинен 8 адам Сузактын, экөө Бишкектин, бири Баткендин жана үчөө Ноокаттын жашоочулары (алтоо эркек, сегизи аял киши, 24 жаштан 80 жашка чейинкилер).

Булак: Баракелде