Бул тууралуу Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов маалымат каражаттарына билдирди. Өкмөттүн өкүлү элди көчөгө чыкпай турууга чакырат.

— Ырыс жана Атабеков айыл аймактарындагы адамдар Умрадан келген зыяратчылар менен байланышта болушкан, ошондуктан ал жакка  барбагыла. Сузакта абал олуттуу болуп бара жатат, — деди Нурболот Мирзахмедов.

Өкмөттүн өкүлү облус боюнча чектөөлөрдү киргизүү маселеси каралып жатканын белгилейт.

Ал ошондой эле, коронавируска шектелген Сузактын дагы 4 жарандын анализинин жыйынтыгы күтүлүп жатканын кошумчалайт. Анализдер республикалык лабораторияга жиберилген.

Буга чейин 18-мартта Сузакта 3 адамдан коронавирус аныкталган. Бүгүн, 21-мартта ушул эле райондо дагы 5 учур катталганы айтылды.

Булак: Маралфм