Кыргызстанда 12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жылдыруу чечими чыкты. Мындай чечим бүгүн, 21-мартта Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынды.

Жыйында өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча кошумча чаралар каралган.

Аталган маселени талкуулоонун натыйжасында чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынынын катышуучуларынын сунуштары эске алынып, 2020-жылдын 22-мартынан баштап өлкө аймагына 1 айга өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө КР премьер-министрине сунуштама берүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

КР өкмөтүнө Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы менен биргеликте өзгөчө кырдаалды жарыялоодо ыкчам иш-аракеттердин тиешелүү планын иштеп чыгуу тапшырылды.

«Өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү эске алуу менен, 2020-жылдын 12-апрелине белгиленген бир катар жергиликтүү кеңештердеги шайлоо күнүн жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

Булак: Элгезит