Бишкек шаарында эртең, 22-мартта коомдук транспорттун иши токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мэриянын маалыматы боюнча, автобус, троллейбус жана кичи автобустар токтотулат. «Бул кырдаалды түшүнүү менен кабыл алып, шаарда жүрүүнү токтотуп турууну суранабыз», - деп айтылат билдирүүдө.

Мэрия азырынча бул чектөөлөр кайсы убакка чейин экенин тактай элек.

Бүгүн, 21-мартта Коопсуздук кеңеши бүткүл өлкөгө 22-марттан тарта 1 айлык өзгөчө кырдаалдар режимин киргизүү сунушун айтты.

Кыргызстандын аймагында коронавирус боюнча жалпы 12 учур катталды. Алардын ичинен 8 адам Сузакта, үчөө Ноокатта, бири Баткенде.

Булак: Баракелде