Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланып жатат. Бул маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков бүгүн, 21-мартта эртең менен билдирди.
Жаңы катталган бейтаптардын бири Баткенде, бешөө Сузак районунда.
«Алар да кичи ажылык сапардан келгендер. Жаш курагы 45 жаштан 70 жашка чейинкилер», - деди Т.Исаков.
18-мартта Сузак районундагы 3 жашоочуда, 20-мартта Ноокат районундагы 3 жашоочуда коронавирус аныкталган. Алар эки башка каттам менен — Бишкек жана Ош шаарлары аркылуу кичи ажылык сапардан кайтып келишкен болчу.
Учурда Сузак жана Ноокат райондорунда өзгөчө кырдаал режими бар.
Булак: Баракелде