Ушул жылдын 12-апрелинде өлкөбүздүн беш шаарында, 40ка жакын айыл аймактарында жергиликтүү кеңештерге шайлоолор өткөрүлгөнү жатат. Алсак, Ош, Майлуу-Суу, Токмок, Балыкчы, Каракол шаарларынын тургундары шаардык кеңештердин депутаттарын шайлашмакчы. Бул чындыгында өлкөнүн турмушундагы өзгөчө маанилүү деле окуя эмес, бирок саясый партиялар гана эмес, шайлоочулардын көпчүлүгү  12-апрелди быйыл куздө боло турган парламенттик шайлоолордун алдындагы башкы репетиция же америкалыктардын тили менен айтканда, кимдин күчү канча экендигин кабарлай турган барометр-праймериз катары карашкандыктан коомчулуктун көңүлү бурулуп, шайлоо алдындагы үгүт иштери өзгөчө  жандуу өтүүдө. Чындыгында эле 12-апрелдеги шайлоолордо кайсыл партиянын каржылык, электораттык ресурстары күчтүүлүгү же биротоло бечаралыгы, күздөгү шайлоолордо босоголук чектен өткөнгө канчалык деңгээлде шанстары бардыгы айкын болот.

Мурдагы убактарга салыштырганда айылдык кеңештерге депутат болууну каалагандардын сандары азайса, шаардык кеңештерге мүчө болууну каалагандардын сандары кескин арткандыгы байкалат. Алсак, айылдык кеңештердеги 375 мандатка 954 талапкер катталса, шаардык кеңештердеги 169 орунга 3003 талапкер катталган. Бул деген ар орунга 15тен талапкер болду дегенди билдирет. 
Ош шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерликке “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Бирик”, “Бир Бол”, “Улуу журт”, КЛДП, “Кыргызстан”, “Эмгек”, “Өнүгүү-Прогресс”, ал эми Балыкчы шаардык кеңешине  11,  Каракол шаардык кеңешине 14, Токмок шаардык кеңешине 9, Майлуу-Суу шаардык кеңешине 7 партиянын өкүлдөрү ат салышууда. Алардын ичинен беш шаардын кеңешине өкулдөрүн  талапкер кылгандар “Мекеним Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Биримдик”, “Кыргызстан” партиялары болуп саналат. Ал эми “Улуу Журт”, “КЛДП, “Эмгек”, “Замандаш” үч шаардык кеңешке өкүлдөрүн көрсөтүштү. “Бирик”, “Ата-Мекен”, “Табылга” партияларынын талапкерлери үч шаардагы шайлоолорго катышууда. Дагы он партиянын өкүлдөрү бирден шаардык кеңешке гана өкүлдөрүн көрсөтүштү.
Кыргызстанда партиялардын саны 320га жакын, алардын ичинен кайра каттоодон өткөндөрү    300гө  чамалайт. Бирок, күздө  боло турган парламенттик шайлоолорго негизинен азыркы айылдык, шаардык кеңештерге талапкерлерин көрсөткөндөр гана активдүү катыша тургандыгын боолголосо болот. Мурдагы парламенттик шайлоолордо босоголук чектен өтүшкөн КСДП, “Республика” партияларынын өкүлдөрү шаардык кеңештерге ат салышпады. Алар бардык ресурстарын күздөгү парламенттик шайлоолорго сактап турушу же  ага  катышпай калышы да толук мүмкүн. Анткени, КСДП экиге бөлүнүп, активдүү, капчыктуу мүчөлөрүнүн  дээрлик бардыгы азыр бийликтин партиясы катарында калыптанып келаткан “Биримдикке”, “Кыргызстанга”, “Мекеним Кыргызстанга” өтүп кетишти. Ал эми “Республиканын” лидерине 4 маселе боюнча кылмыш иши козголсо, алардын бири да аягына чыгарыла элек. Эгерде ал парламентке талапкерлерди каттоо аяктагыча “калбырларынан” арылбаса, бул жолку шайлоолорго катышпай калуусу да ыктымал. Ал эми “Ата” Мекен”, “Бир Бол”, “Өнугүү-Прогресс”, “Кыргызстан” партияларынын босоголук чектен өтүүсү   аябагандай оор болот. Демек, кийинки парламенттин  саясый конфигурациясы азыркыдан таптакыр башкача болушу күтүлүп жатат. 
Ошондуктан потенциалдуу аутсайдерлердин бардыгы босоголук  чекти 3 пайызга чейин түшүрүүнү талап кылышса, өздөрүнө ишенгендер (алар 3 эле партия) анын 7 пайыздан төмөн түшүрүлбөөсүн, жакшысы 9 бойдон кала берүүсүн каалап турушат. Прагматикалык жактан алганда, Кыргызстанга босоголук чектин 9 пайыз бойдон калгандыгы  эле оптималдуу. Ал партияларды биригүүгө, ирилешүүгө мажбурламак. Элге деле парламентке 6-7 партия өтүп алып, күндө базар, күндө  кунарсыз спектаклдерди  уюштуруп, өкмөт жыл сайын алмашып тургандан көрө ашып кетсе, 3-4 партия гана өтүп, парламент да, өкмөт да туруктуу иштегени жакшы.  Демократиялуу делген АКШны атам замандан бери 2 партиянын өкүлдөрү эле алмак-салмак бийлеп келатышат, Швецияны акыркы кылымдын ичинде негизинен социал-демократтар эле башкарышууда. Англияны үч жүз жылдан бери кээде лейбористтер эле аралаша калбаса, негизинен консерваторлор менен либералдар эле башкарып келатышат. Демек, кеп партиянын санында эмес, алардын сапатында. Бизге деле негизги идеологиялар боюнча жиктелген 3-4 партия ашыгы менен жетишмек. Кыргызстанда канча канаттуу болсо, ошонун жарымынын, дүйнөдөгү кооз саясый сөздөрдүн бардыгынын аттарын алып жүргөн сансааты жок партиялардын эч кимге деле кереги жок. 
Мына ушул жагынан алганда босоголук чек 9 пайыз бойдон калтырылганы туура болот. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы