- Гүлжигит мырза, эмнеге Кыргызстанга Иран менен Россия ГЭС курууга кызыкдар боло баштады?
- Суу ресурстары геосаясатта чоң орунду ээлейт. Мөңгүлөр азайгандан бери ого бетер мааниси өстү. Ошон үчүн Кыргызстанда ГЭС курууга кызыкдар болуп жатышат да. 

- 8-марттагы митингде уюштуруучу тарап катачылыкка жол бердиби же аны таркаткан тарап туура кылдыбы?
- 100% бир тараптыкы туура, экинчи тараптыкы 100% ката деп айта албайбыз. Элдин тили менен айтканда “эшектин изи менен чочконун изи аралашып кетти”. Калпакка шек келтирилди. Бизге жат болгон баалулуктар бизге таңууланып, аны жөнгө салууда адекваттуу чаралар көрүлгөн жок, анткени биздин өлкөнүн аброюна дагы шек келтире турган фото жана видео фактылар дүйнөгө атайын көрсөтүлүп жатат. Азчылыктардын укугу көпчүлүктүн укугунан жогору турбашы керек. Эки тараптын тең кыймыл-аракеттери бир сценарийдин бөлүгү болуп, бир максатка кызмат кылышы мүмкүн деген көз карашты жокко чыгара албайбыз. Чындык сымалданган жалган, жалгандын өзүнөн дагы коркунучтуу. Коомубуз көзүн чоң ачышы зарыл.

- Айтканыңызга ынаналы. Бирок, митинг уюштуруучулардын да укугу бузулду дегендер чыгып жатат го?
- Бир беткей айыптоодон алыс бололу. Биздин улуттук баалулуктарга жат көрүнүштөрдү жайылтуу жана үгүттөө коомду бөлөт, поляризацияга алып келет. Анын алдын алуу зарыл. Экинчи жагы, бир нерсенин алдын алууда эл аралык аренада аброюбузга шек келбегидей жолду тандоо керек. Өзүбүздү жакшы жактан көрсөтүүнүн үстүндө иштөө өлкөнүн имиджи үчүн дагы жакшы.

- Бирок, бул митингде чагымчылдар эмес, аялдардын зомбулугуна каршы марш өткөрөбүз дегендер жапа чекти деп жатышат го?
- Аялдардын кордук көрүп жатканы факт. Ал фактты салттуу болбогон ориентациядагылардын колдонуп жатканы дагы факт. Жабыркагандар жана алардын жакындары бул маселени көтөрүп чыгышса, туура болот жана маселенин башка нукка бурулуп кетпешине шарт түзөт.

- Садыр Жапаровду колдоо митингинде уюштуруучулар жана катышуучулар камакка алынганы боюнча не дейсиз? 
- Уюштуруучулардын ичинде атайын бийликке иштегендери дагы болду, чагымчылдар дагы көп болду. 2-март митингин жыйынтыктап келгенде, элдин мизи майтарылды. Бул элдин кызыкчылыгына туура келбейт. Эки жакка тең минус болду.
Мыйзам иштебеген ар бир өлкөдө, коомдордо чоң өзгөрүүлөр табигый жол менен бышып, жетилет. Анан өзгөрүүлөргө алып келет. Мыйзамсыздык менен жүргөндөр муну дагы жакшы билишет. Алар бул табигый жолдун алдын алышат. Жасалма жол менен ак көрүнүп, кара күчтөргө иштешет. Мисал келтире турган болсок: Бир бөбөк төрөлүшү үчүн 9 ай күтүү керек. Исключениелер бар. Кез-кезде 7 айлыктар кездешип калат... Мына, кара күчтөр 9 ай күткүсү келбейт. Жасалма жолдор менен жатындагы бөбөктү бойдон түшүрүшөт. Бирок, кандай жол менен болсо да аялга күйгөн киши болуп, ага ар кандай химиялык заттарды беришип, дары-дармек деген ат менен бойдон түшүрүүчү заттарды беришет... Мөөнөтүнөн эрте төрөлгөн бала жашап кете албайт, тилекке каршы... Аялга ушундай эксперимент жасала берсе, өмүр бою төрөбөй калышы дагы мүмкүн. Эми ушул эле аналогияны коомдук турмушубуздагы окуялар менен салыштырып көрүңүздөр. Митингдер өтүмүш болуп жатат. Бирок, митингдин уюштуруучуларынын ичине кирип, аралашып алгандар бийликке иштеп берип, "буюртмаларды" сонун аткарып келишүүдө. Максат митинг эмес, негизи... Митингге жеткизбөө керек. Митинг начар саясаттын кесепети. Баары жакшы болуп жатса, митинг уюштуруу - бузукулук. Бирок, мамлекетте абал жакшы болбосо, анда митингдер - зарылчылык. Туш-тараптан баары эле бузуку күчтөргө иштей беришсе, анча-мынча чыгып келе жаткан патриоттор бийлик жөнөткөн “дүжүр активисттердин” колу менен аңга түртүлө берсе, өлкө кантип оңолот?! Колунан анча-мынча нерсе келгендер коркуп, бийликке моюн сунуп беришет. Чындыкты айта алышпайт. Анда ким айтат? Өлкө кантип алдыга жылат? Суроолор көп. Жооптору дагы бар... Ар ким издениши керек тереңирээк...

- Бирок, митингчилерге болгон катаал чаралар демократияга шек келтирип жаткан жокпу?
- Кодекстер жана мыйзамдар бири-бирине карама-каршы келип, элдин башын айлантууда. Болбосо, ага 11 млн. евро каражатты батыш бөлгөн. Оор жазалар жеңилдеп, жеңилдери оорлоштурулуп... Кыскасы, өлкөбүзгө эксперимент жасалып жатат.

- Мунун кесепети кимге тийет?
- Бийликтегилердин каражаты көп. Чет өлкөлөрдө акчалары, үйлөрү бар. Аэродромдору ар дайым даяр. Алар кесепетин тартышпайт. Чукул кырдаалда качып кетишет. Жыйынтыгында эксперименттердин кесепетин эл тартат.

- Эмне үчүн акыркы мезгилде коомдо жикке бөлүнүү күч алды. Неге аны токтотууга аракет кылышпайт?
- Эл канчалык көпкө бөлүнсө, өлкөбүздү талап-тоноо ошончолук оңойго турат. Өлкөнү кимдер тоноп жатышат? Кимдерде акча бар? Кимдерде мүмкүнчүлүк кенен? ЖМК кимдердин колунда? Бул суроолордун жооптору окшош жана жакын. Эмне үчүн экенин мен мисалга алган жагдайлардан эле  билип алсаңар  болот. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы