Кыргызстандын Алымдар кеңешинин мурдагы төрагасы Абдышукур ажы Нарматов бүгүнкү жума намазга мечитке эч ким келбегенин айтып, көзүнө жаш алды.
Видео Инстаграм социалдык тармагында жарыяланган.
Нарматов бош мечитти көрсөтүп, бул жагдай аны бушайман кылганын билдирген.
Эске салсак, буга чейин КРнын Мусулмандарынын дин башкармалыгы коронавируска байланыштуу жума намазга барууга тыюу салган.
Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча алты киши коронавирус менен жабыркаганы аныкталган.
Алардын бардыгы Кыргызстанга Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан кайтып келишкен.
Булак: vesti.kg