Бишкектеги “Мадина” базары дезинфекция кылуу үчүн 2 күнгө жабылат. Бул тууралуу Govori.TVга сатуучулар билдиришти.
“Коронавирус инфекциясын алдын алуу иш-аракеттердин алкагында “Мадина” базары убактылуу ишин токтотот”,-деп билдиришти сатуучулар.
Мындан сырткары, алар бүгүнкү күндө Кытай менен чек ара жабык болгондугуна байланыштуу базарга дээрлик кездемелер келип түшпөй жатканын жана учурда складда сакталган товарларын сатып жатышкандыктарын кошумчалашты.
Булак: Элгезит