Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаал жарыялоонун мыйзамдагы шарттарына токтолуп, маселе бүгүн чечилерин билдирди:

«Өзгөчө кырдаалды киргизүүдө мыйзамдын шарттары бар. Мисалы, облуска киргизиш үчүн эки райондө өзгөчө абал болушу керек. Республикага киргизиш үчүн эки облуска өзгөчө абал киргизилиши керек. Кандай формада болот, азыр чечели деп жатабыз».

Бугүн Ноокат райондук администрациясынын башчысы Давранбек Маматалиевдин буйругу боюнча Ош облусунун Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Буга чейин Жалал-Абаддын Сузак районундагы үч айылга киргизилген.

Кыргызстанда коронавирустун жаңы үч учуру катталганы 20-мартта жарыяланды. Ооруга чалдыккандар Ноокат районунда аныкталып, алар да Сауд Арабиясына умрага барып келгени белгилүү болду. Кыргызстанда коронавируска үч киши чалдыкканы тууралуу алгачкы маалымат 18-мартта чыккан. Ага ылайык, үчөө тең Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып, 12-мартта Шаржа-Бишкек аба каттамы менен кайтып келген.

Булак: Элгезит