Бүгүн, 19-марта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйында коронавируска байланыштуу өкмөт маалымат берүүдө.
Анда депутат Рыскелди Момбеков дүйнөнү титиреткен бул илдеттен кутулуунун жолун айтты.
“Коронавирус дүйнөдөн келген коркунуч. Өкмөт мунун аракетин кылып жатат. Аракетиңиздер жакшы десем жаңылышпайм. Биз бул нерседен саясат кылбашыбыз керек. Кылым карыткан кыргыз мындан оор учурду башынан өткөргөн. Кытайдын вирусунан эмес, Кытайдын өзүнөн жеңилген эмеспиз. Кандай гана кырсык болсо кыргыз дем салдырып, укол сайдырып чыгып кеткенбиз. Кыргызды кырсыктар кытайдын маскасы куткарбайт, кыргыздын маркасы куткарат. Кыргыздын гени, деми күчтүү кыргыз эли жери касиеттүү. Иммунитетти, маанайды түшүрбөө зарыл. Иммунитетти түшүрбөш үчүн кыргыздын күчтүү тамагы керек. Тамашалап айтсам Шакинин анча-мынча арагы керек. Дүйнө чемпионаттары, Олимпиада оюндары токтотулуп жатса, биз жергиликтүү кеңештин шайлоосун токтото албай убарабыз”, – деди Момбеков.
Булак: Элгезит