Анда саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев илдетти аныктоочу тест-системалар жетиштүү экенин белгиледи. Ошол эле маалда өлкө боюнча болгону эки лаборатория иштеп жатканын айтты. Алар Ош жана Бишкек шаарында.
“Бизде 6 лаборатория бар, алардын экөө иштеп жатат. Дагы экөө иштөө алдында турат. Аларды бүгүн-эртеңден Жалал-Абадка жеткиребиз. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун бир талабы бар, алар аттестациядан өткөрүлөт”, — дейт Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев.
Айтымында, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ооруканалардагы дары-дармектерге бирдиктүү көзөмөл жүргүзөт. Буга чейин фармацевттик компаниялардын башчылары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, аларга кампаны керектүү каражаттар менен толуктоону сунушташкан.
“Январь, февраль айларында дары-дармектер келип түшкөн. Тартыштык болбойт. Биз баардык тоскоолдуктарды алып жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түздүк”, — дейт министр.
Эскерте кетсек, 18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталып, буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган. Саламаттык сактоо министрлиги 19-мартта Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталбаганын билдирди.
Булак: Элгезит