Бул тууралуу Антимонополиялык мамлекеттик агенттигинин материалдарында айтылат.

Өкмөт бааларын көтөрүүгө убактылуу (токсон календардык күндөн ашпаган) тыюу салынган азык-түлүктөрдүн тизмесин жарыялаган. Токтом 13-мартта кабыл алынган.

Азык-түлүктөрдүн тизмеси:

1. Ун
2. Нан
3. Пастерленген сүт, майлуулугу 2,5-3,2%
4. Тамак-аш майы
5. Каймак майы
6. Эт (уй, кой, чочко эти)
7. Кумшекер
8. Күрүч
9. Ун азыктары
10. Жумуртка
11. Картошка

Антимонополиялык орган тарабынан аталган азык-түлүктөрдүн баасынын максималдуу деңгээли коюлат.

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 218-беренеси (бааларды негизсиз жогорулатуу) боюнча, товарды сатып жатканда таңгагында же товарга чапталган ярлыгында көрсөтүлгөн баалардын өлчөмдөрүн жогорулатуу — 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

Физикалык жактарга 10 эсептик көрсөткүчкө (1000 сом);

Юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүчкө (5000 сом) чейин айып пул салынат.

Буга чейин республика боюнча биринчи жана экинчи сорттогу ундун баасы боюнча чектөө белгиленгенин 17-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирген. Антимонополиялык агенттигинин маалыматы боюнча, өлкөнүн бардык аймактарында талдоо жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында биринчи жана экинчи сорттогу ундун 1 килограммынын дүң жана чекене баасынын максималдуу деңгээли аныкталган.

Булак: Баракелде