Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев базарларды кыдырып жүрүп, карантин маалында үйүндө отурбаган шаардыктарды сынга алды.

Ал балдарын көчөгө чыгарып койгон ата-энелердин кенебестигине ачууланды.

Окуучуларга каникул берилди, бирок, аларды көзөмөлдөг-н эч ким жок, - деп агынан жарылды шаар мэри. -Бул каникул эмес, карантин! Түшүнүп жатасыңарбы? Үйдө отуруу керек . Силер болсо көчөгө чыгып алып, той болуп жаткансып майрамдап жүрөсүңөр. Биз ар бириңерди колуңардан кармап, үйүңөргө жетелеп барышыбыз керекпи? Үйдөн чыкпагыла, балдар менен кары-картаңдарды үйдөн чыгарбагыла.

Булак: vesti.kg