Жаш балдар Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиевдин атынан көчөдөгү элге акысыз бет кап таратышууда. Мындай видео «ЮГ пресс» Youtube-каналында жарыяланды.

Таратып жаткандардын арасынан саясатчынын уулу Таймурас Ташиевди көрүүгө болот. Анын айтымында алар ушуга чейин 5 миңге жакын бет кап таратууга жетишишкен.

Бет кап алган адамдар жакындарына дагы берүүнү суранышкан, бирок, бир кишиге бир даанадан көп маска берилген эмес.

Булак: vesti.kg