- Турсунбек мырза, Аксы окуясына туура 18 жыл болуптур. Аксы окуясында карапайым элдин арасында жүрдүңүз эле. Аксы окуясы дегенде эсиңизге эмне түшөт?
- Аксы окуясы дегенде 90 миң гектар кыргыздын жери Кытайга берилгени, ошол кездеги кыргыз парламенти шашылыш чечим чыгарган, жашыруун ратификациясы кылып, ага Акаевдин кол койгону эсиме түшөт. Аксы окуясы дегенде Азимбек Бекназаров баштаган бир топ депутаттар жана саясий лидерлер ошол маселени көтөрүп, бийликти сындаганы, Бекназаровду камакка алынганы көз алдыма тартылат. Ошондой эле Азимбек Бекназаровду коргоо комитетин түзүп, 2002-жылы 10-январда 7 адам ачкачылык жарыялаганы, ал ачкачылык 17-мартка чейин уланганы эсте. Ал акцияга протест кылып Кыргызстан боюнча 37 248 адам катышканы, 700гө чукул адам ачкачылык жарыялаганы, Шералы Назаркулов 21 күндүк ачкачылыктан каза болгону көз алдыма тартылат. Аксы окуясы дегенде 17-марттагы октон каза тапкан 6 азамат эске түшөт. “Кыргыздын жерин Кытайга бербейбиз”- деп менин кабинетимде миңдеген адамдар ачкачылык кармагандарды кубаттап, колдоп турушчу. Маселени чечүү үчүн бийликтин ошол кездеги аппарат башчысы Аманбек Карыпкуловго жана бөлүм башчы Аскар Айтматовго келип, маселени түшүндүрсөк, Акаевдер бизди киши катары көрбөй койгону өкүнтөт. Кыскасы, Аксы дегенде 17-март Боспиекте каза болгон балдардын тирүү элеси көз алдыма тартылат. Анткени, алар менен көп күн чогуу болгом, жөө баскам, ачкачылык кармагам. Пикет, митинг өткөргөм. Аксы дегенде атылган сынайперлердин октору жөө жүрүшкө чыккан элди көздөй атылганы көз алдыма келет. Керебендеги РОВДдан мени түндө боштуп, беш миңден ашык кишинин кол чаап, күтүп алганы эсиме түшөт. Үч күн, үч түн уктабай тикебизден тик турган Кербендеги оор күндөр көз алдыма келет. Аксы дегенде 20 миң киши чогулган элдин алдында үнүм чыкпай каргылданып калган күн жана укук коргоочулар эл ыйласа ыйлап, эл менен чогуу болгон күндөрүм көз алдыма келет. Аксы окуясы менин трагедиям, Аксы окуясы менин кубанычым...
- Өлүм, камоо, атуу менен коштолгон Аксы окуясынан сабак алдыкпы?
- Сабак алганда албай койгон да жерибиз бар. Айтайын дегеним, эгерде бийлик карапайым элге каршы болуп, мыйзамсыз аракеттерди көрсө, күч колдонсо, камаса, ок атса, ал бийликтин тагдыры оор болот экенин билдик. Бул сабак алган жагыбыз. Аксы окуясынан тийиштүү сабак алганыбызда 2005-жылдагы 24-марттагы Жоогазын революциясы, 7-апрелдеги 87 баланын өмүрүн алган кандуу революция болмок эмес деп ойлойм. Азыркы бийлик бардык саясий окуялардан сабак алат, кандай маселе болсо да туура чечим чыгарат деген үмүттөмүн.
- Аксы окуясына туура баа берилип, мамлекеттик деңгээлде мамиле жасалдыбы?
- Бийлик деле кандайдыр бир деңгээлде мамлекеттик мамиле жасады. Мурунку президент Аксы окуясын, 24-март, 7-апрелди бир белгилөө боюнча жарлыгы чыгарган, ал эле эмес календарда кызыл менен белгилөө боюнча дагы аракеттер болгон. Президент Сооронбай Жээнбеков болсо былтыр каза болгон балдардын мекенине барып, куран окуп, материалдык жардамын көрсөтүп, Бозпиекке келип сөз сүйлөгөн. Азыр да колунан келишинче мамлекеттик деңгээлде эскерүүгө аракет кылып, гүл койду. Куран окутулду. Аксы окуясы буга чейинки президенттердин биринин да көөнүнөн кетпейт деп ойлойм.
Кыскасы, Аксы окуясынын курмандыктарына тарых тиешелүү баасын берип, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлап, маралдык, материалдык жардамдарды беришти. Өкүнүчтүүсү, кандай аракет кылсак да өлгөн адамдарды тирилте албайт экенбиз. Алардын ордун эч ким баса албайт экен. Эми Аксы окуясынан каза болгондордун балдарынан кабар алып, жабыр тарткандардын абалын жеңилдетүүнү ойлонушубуз керек.
Булак: "Майдан.kg" газетасы