Президент Сооронбай Жээнбеков бул жолку жумушчу сапарын Баткен облусунан баштаганы дагы бекеринен эмес. Анткени, бул өрүкзарлуу өрөөн Өзбекстан жана Тажикстан менен чектеш жана өтө чалкеш тилкеде жайланышкан. Ошондуктан, чек ара коопсуздугун бекемдөө ар дайым өлкө жетекчилигинин өзгөчө көңүл борборунда тураарын өлкө жетекчиси эл менен жолугушуу маалында деле жашырган жок.
“Мен ар дайым эл менен биргемин!”
Президент Сооронбай Жээнбеков адегенде Исфана шаарындагы Исхак Раззаковдун музейине баш бакты. Мамлекет башчысы музейдин экспонаттарын дыкаат көрүп чыгып, ардактуу коноктор китебине кол жазмасын дагы калтырды. Андан соң Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө жана социалдык-экономикалык өнүгүшүндө Исхак Раззаковдун салмактуу ордун баса белгиледи. Мындан тышкары үстүбүздөгү жылы Исхак Раззаковдун 110 жылдыгынын алкагында иш-чаралар жогорку улуттук деңгээлде өткөрүлө тургандыгын дагы катуу убадалады.
Эске салчу жагдай: 2020-жылдын январь айында Мамлекет башчысы “Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” Жарлыкка кол койгон. Кыргыз Өкмөтү тарабынан мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети дагы түзүлгөн.
Андан ары Президент Сооронбай Жээнбеков Исфана шаарында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен бетме-бет жолугушту.
Мамлекет башчысы Баткен облусунун жана мунун ичинде чек арадагы Лейлек районунун маселелери анын президенттик ишмердүүлүгүндө өзгөчө орунду элей тургандыгын дагы жашырган жок. Өрүкзарлуу аймактын социалдык-экономикалык жактан ыкчам өнүгүшүнө мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын дагы кошумчалады. Ал аймактарды өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын ишке ашыруу боюнча негизги багыттар тууралуу дагы өзүнчө баян этти. Мында өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртуу, жер-жерлерде ишкерликти, айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдү колдоо, салык жана бажы органдарынын ишин автоматташтыруу, ата мекендик экспорттук дараметти мындан дагы кеңейтүү чараларына кеңири токтолду.
Буга улай Сооронбай Жээнбеков чек ара маселелерин ыкчам чечүү, чек ара коопсуздугун жогорулатуу, ирригациялык, калкты таза суу менен камсыздоо, энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка тармактардагы долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө дагы кенен-чонон айтып берди.
Муну менен катар 2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыктын негизги максаттары жана милдеттери, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо, сот-укуктук реформа, жемкорлук менен күрөшүү, укук коргоо органдарын реформалоо, Куралдуу күчтөрдүн жөндөмдүүлүгүн арттыруу, ошондой эле өлкөнүн тышкы саясатынын негизги багыттарын ишке ашыруу чараларына дагы кеңири токтолду. Анан дагы өлкөнүн бардык аймактарында санариптештирүүнүн алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу өзүнчө сөз кылды. Соңунда жергиликтүү калк менен жолугушуу суроо-жооп форматында улантылды.
“Чек ара маселеси – жергиликтүү элдин пикирин эска алуу менен чечилет!”
“Чек ара маселелери жергиликтүү калктын пикирлерин эске алуу менен гана чечилиши кажет!”,- деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен жолугушуусунда баткендиктердин суроолоруна жооп берип жатып.
Мамлекет башчысы эгемендик алгандан бери мурдагы Советтер Союзуна кирген дээрлик бардык өлкөлөрдө чек ара көйгөйлөрү жаралгандыгын ачыктады. Чек ара маселелерин чечүүнүн үч жолу бар экенин белгиледи. Биринчиси - маселени чечпей, тим коюу. Экинчиси - маселени күч менен чечүү, качан эки тарап бири-бирине компромисске барбай, согуштук конфликт жолу менен чечилиши. Үчүнчүсү - маселени сүйлөшүү жолу менен чечүү.
Сооронбай Жээнбеков акыркы жылдарда бул багытта тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жандандырылып, активдешкенин эске салды.
Эки тарап тең бири-биринин аргументтерин эске алуу менен конструктивдүү диалогго ыктап жатышканын кошумчалады.
“Бардык көйгөйлөр жергиликтүү элдин пикирлерин эске алуу менен чечилиши керек. Чек аранын бекемдиги - армиянын күчү менен гана эмес, ушул жерде жашаган элдин эрки, кичи мекенине болгон патриоттук мамилеси менен өлчөнөт. Албетте, сүйлөшүү процесси убакытты талап кылат жана кыска мөөнөттө эле бүтө калбайт. Андыктан, бизден акыл-эстүүлүк гана эмес, сабырдуулук да талап кылынат”,- деп баса белгиледи президент.
Мамлекет башчысы баткендиктерди кырдаалды курчутуу үчүн гана пайда боло калып, кайра жок болуп кеткен, Баткен облусу менен эч кандай байланышы болбогон ар кандай кызыкдар тараптардын чагымчылдыгына алдырбоого чакырды. Жыйынтыгында көйгөйлөрдүн залакасын ушул эле чек ара райондорунун карапайым эли тартып калууда.
Сооронбай Жээнбеков өз ишмердүүлүгүндө Баткен облусу өзгөчө маанилүү экенин дагы бир жолу баса белгиледи. Чек ара аймактарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө мындан ары дагы көңүл бурулаарына ишендирип өттү.
Туруктуу импорт!
Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна жасаган эки күндүк иш сапарынын алкагында Баткен аймактык ветеринардык лабораториясына дагы баш бакты.
Аталган лабораториянын негизги максаты - эпизоотикалык абалды туруктуу көзөмөлдөө, ар кандай ветеринардык лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдү тыкыр жүргүзүү болуп саналат.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу менен өлкөнүн инфратүзүмдөрүн, анын ичинде лабораторияларды Бирликтин талаптарына ылайык келтирүү маселелери актуалдуу болгондугун дагы бир ирет эске салды. Баткен аймактык ветеринардык лабораториясынын жаңы имаратынын курулушу 2016-жылы башталган. Ушул тапта ушундай эле заманбап лабораториялар Талас, Балыкчы жана Каракол шаарларында дагы иштеп жатат. Президент продукцияларды чет өлкөлүк базарларга чыгаруу менен катар эле алардын сапатын жана коопсуздугун дагы камсыз кылуу мамлекеттин маанилүү милдети болуп саналаарын эскертти. Экспортко жөнөтүлүп жаткан продукциялардын сапаты өлкөнүн аброюна түздөн-түз таасирин тийгизээрин дагы баса белгиледи.
Андан ары Сооронбай Жээнбеков Баткен шаарындагы «Анварбек» айыл чарба кооперативинин иши менен жеринде таанышты. Маалымдалгандай, кооператив 20 гектардай жерди иштетет. Анда тамчылатып сугаруу жолу менен бадам көчөттөрү өстүрүлөт. Мамлекет башчысы айыл чарба кооперативинин жетекчиси менен бирге бак-дарактардын көчөттөрүн дагы отургузду. Аталган кооперативде 2020-жылдын аягына чейин 40 жумушчу орун түзүлөөрү күтүлүүдө.
Президент Сооронбай Жээнбеков ушундай заманбап фермелер жана ишкерлердин күч-аракеттери менен аймактар жана жалпысынан өлкөбүз бара-бара туруктуу өнүгөөрүн канааттануу менен белгиледи. Ал мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийликти айыл жергесиндеги ишкерлердин демилгелерин үзгүлтүксүз колдоого алууга жана алардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп берүүгө үндөдү.
Көңүл борборунда!
Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Баткен чек ара отрядына дагы барды.
Башкы штабдын башчысы - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абыкарим Алимбаев Баткен чек ара отряды 1999-жылы кыйын кырдаалда түзүлгөндүгүн ачыктады. Баткен чек ара отрядынын аскер кызматкерлери узундугу жалпысы 400 чакырымдан ашуун Кыргыз-Өзбек жана Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын татаал тилкелерин күнү-түнү кайтарышып, бекем коргоп жатышкандыгын маалымдады. Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун алкагында Баткен чек ара отрядында заманбап чек ара комплекстери дагы курулган.
Башкы штабдын башчысы — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттиик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдыкарим Алимбаев модулдук имараттардын заманбап комплекстери бардык инфратүзүмдөр: административдик жайлары менен казарма, офицердик курам (прапорщиктер) жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн үйлөр, кампа жайлары, техникаларды сактоо жана ремонттоо үчүн жабык жайлар жана башкаларды өзүнө камтыгандыгын белгиледи. Мындан тышкары заманбап комплекстерде ок атуу даярдыгы боюнча машыгуучу жайлар жана спорт аянтчалары дагы бар.
Муну менен бирге Баткен чек ара отрядынын инфраструктурасын кошумча жакшыртуу зарылдыгы дагы унаткан жок. Абдыкарим Алимбаев офицердик курам жана прапорщиктер үчүн үй куруу боюнча пландар тууралуу дагы айтып берди. Ошондой эле отряд жайгашкан жерге жаңы кызматтык имараттар, мунун ичинде аскер кызматкерлери үчүн казармаларды салуу дагы болжолдонууда.
Президент Сооронбай Жээнбеков чек ара коопсуздугун бекемдөө ар дайым Кыргыз мамлекетинин жетекчилигинин өзгөчө көңүл борборунда тураарын убадалады. Ошондой эле аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын азыркыдан дагы жакшыртуу жана Куралдуу күчтөрдүн аскердик даярдыгын ого бетер жогорулатуу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу саясаты ырааттуу түрдө улантылаарын билдирди.
Булак: "Майдан.kg" газетасы