Бул тууралуу «Азаттыкка» Сузак районунун акими Эрмек Омошев маалымдады.
Анын айтымында, жарандык коргонуу комисиясынын чечиминин негизинде райондун аймагына биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал киргизилди. Тактап айтканда, коронавирус учуру катталган Благовещенка жана Бостон айылдарындагы үй-бүлөлөрдүн бири-бирине каттоосуна чектөө коюлуп, район боюнча үйдө той-аш өткөрүүгө жана чогулууга тыюу салынды.
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18-мартка караган түнү ооруга катталган үч киши аныкталды. Алар — 70, 62, 42 жаштагы Сауд Арабиясында умра сапарына барып келген эркек кишилер. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу штабынын 18-марттагы чукул жыйынында кабарланды.
Булак: Элгезит