Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 18-мартта билдирди.

Кыргызстанда 3 адамда коронавирус дарты аныкталганы бүгүн, 18-мартта эртең менен белгилүү болгон.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун жетекчилиги алдында өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, райондук администрация башчыларынын катышуусунда коронавирустун өлкөнүн аймагына айылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кеңейтилген селектордук жыйыны болуп өттү.

Боронов инфекциянын тарашына жол бербөө максатында коомдук тартипти көзөмөлдөө жана калк менен жер-жерлерде сапаттуу кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл экенин баса белгиледи. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө кырдаалдар режими киргизилгенин, жарандардын коопсуздугу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлгөнүн маалымдады.

«Коомдук тартипти сактоо, эл массалык көп чогула турган объектилердин ишмердүүлүгүн токтотуу, Сузак районунун аймагына кирүүнү, ошондой эле районго кирүүгө райондук штабдын мүчөлөрүнөн тышкары унаалардын бардык түрлөрүнө чектөө сыяктуу чаралары көрүлдү», - деди ал.

Мындан тышкары биринчи вице-премьер-министр коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча жалпы кырдаал мамлекет башчынын өзгөчө көзөмөлүндө турарын айтты.

«Өкмөт көзөмөлдөп жатат. Калктын дүрбөлөңгө түшүүсүнө негиз жок. Эң башкысы Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Республикалык штабдын сунуштамаларын, талаптарын так кармануу, өздүк гигиена эрежелерин сактоо жана адамдар көп чогулган жерлерге барбоо аркылуу биз бул ооруну жеңе алабыз», - деди биринчи вице-премьер-министр.

Булак: Баракелде