Мындай дүрбөлөң акыркы дем алыш күндөрү болду. Ошто да азык-түлүккө болгон баа кымбаттап, бир күндөн кийин баалар өз нугуна түшкөнү байкалды. Ага чейин унду эки миң сомдон ашыра саткандардын айрымдары кармалды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жер жерлерде элге түшүндүрүү иштерин жасашты.
Социалдык тармактарга тараган видеолордо адамдар унду бир эле эмес, 5-6 чыпталап алган учурларды көрүүгө болот. Ун саткан түйүндөрдө ун калбай калгандыктан алар убактылуу жабылганын, ал эми азык-түлүк сатылган дүкөндөрдө, супермаркеттерде да калбай калганы байкалды. Мындан улам жергиликтүү бийлик өкүлдөрү элге чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жүрүп, унду кымбаттаткандарга өздөрү да күбө болушту. Мындай көрүнүшкө Ош шаарынын вице-мэрлери Саипжан Турдуев менен Асылбек Топчубаевдер күбө болду.
Ал арада милиция ундун баасы боюнча дүрбөлөң салып, эл арасында ушак тараткандарды таап чыгып элге көрсөттү. Ошентип Ош облусунда кармалган айрымдары элден кечирим сурашты.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев шаарда ун тартышсыздыгы болбойт деп билдирди. “Азыр элибиз кооптонгонго негиз жок. Азыркы учурда Казакстан менен чек ара ачык. Ош шаарындагы “Тулпар” дан-азык ишканасынын жетекчилиги менен сүйлөшүү болду. Кечээ күнү 200 тонна запас ун болгон. Райондордон келгендер алганынан калганы 50 тоннадан ашык ун туруптур. Жолдо 300 тонна ун, 1000 тоннага жакын буудай келе жатат. Азыр кампада 500 тонна буудай бар. Демек, элди өз баасында ун менен камсыздай турганга шартыбыз бар”,- деди Сарыбашев.
Ал эми Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Өзгөн районуна барып, шаардын мэрин, жетекчилерин жана райондун акимин катуу сынга алды. Ал базарды кыдырып, андагы абал менен таанышуу учурунда базардагы продукциялардын баасы дагы деле жогору экендигин айтып, жетекчилерге эскертүү берди.
Ал арада Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы бааларды себепсиз көтөргөн ишкерлердин иши териштириле баштаганын билдирди. Аталган кызмат баалар жөнсүз көтөрүлгөнүн байкаган жарандарды ал тууралуу маалымдоого чакырды. Ошондой эле кырдаалдан пайдаланып, чайкоочулук кылып, баюуну көздөгөндөргө катуу чара көрүлөрүн эскертти.
Булак: “Майдан.kg” газетасы