Андыктан ушул жумадан тартып, мектептер жана жогорку окуу жайларда үч жумалык каникул жарыяланып, окуу онлайн түрүндө улантыла турган болду. Андан тышкары түнкү клуб, кинотеатр, компьютердик залдар сыяктуу жайлар да жабылды.
17-мартта Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова коронавируска байланыштуу өлкөдөгү абал боюнча маалымат берди. Өмүрбекова республикалык штабдын чечими менен өлкөдөгү бардык массалык иш-чараларга үч жумага чейин тыюу салынганын жарыялады.
“12-мартта өкмөт тарабынан токтом чыгарылган. Анда массалык иш-чараларды токтотуп туруу сунушталган. Азыр аны өзгөртүп сунуш эмес, тыюу салуу киргизилди. Соода борборлорундагы оюн-зоок аянтчалары, тамактануучу жайлар жана ресторандарда иш- чараларды өткөрүүгө тыюу салынды. Ошол тармакта иш кылган жарандар туура түшүнөт деп ойлойм”, - деди Өмүрбекова.
50 орундуу тамактануучу жайлардын баарына тыюу салынды. Буга чейин Кыргызстандын республикалык штабы эпидемиологиялык абалга жараша вирус катталган өлкөлөрдү үч категорияга бөлгөн. Өмүрбекова акыркы кырдаалга жараша эми эки категорияга бөлүнгөнүн билдирди.
“Биринчи категорияга Италия, Иран, Испания, Түштүк Корея, Германия, Франция, АКШ, Швейцария, Англия, Голландия, Норвегия, Швеция, Бельгия, Австрия мамлекеттери кирет. Ал эми экинчи категорияга вирус катталган өлкөлөрдүн баары кирет”, - деди Өмүрбекова.
Биринчи категорияга кирген өлкөлөргө каттаган кыргызстандыктар 14 күнгө чейин карантинге алынат. Экинчи категорияда эки жума үй карантинге алынат. Бардык чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстанга кирүүгө убактылуу тыюу салынды. Бирок, жүк ташууга чектөө киргизилген жок.
Мындан тышкары, “Манас” аэропорту коронавируска карата айрым авиакомпаниялардын рейстеринен баш тартты. Чектөөлөр: “China Southern Airlines”, “Fly Dubai”, “Air Arabia”, “Air Astana”, “Uzbekistan Airways”, “Азимут”, “Ural Airlines”, “Avia traffic”, “Varesh Airlines”, “Jazeera Airways” ж.б. компаниялардын рейстерине тийиштүү.
Учурда Кыргызстанда коронавирус илдети каттала элек. 321 киши обсервацияда жатат.
Булак: “Майдан.kg” газетасы