Дүйнө жүзү дүрбөлөңгө түшүп, коронавирус менен күрөшүп жатса, өткөн дем алыш күндөрү биздин айрым кызыл кулактар ун, шекер, май сыяктуу күнүмдүк жашоодо керектүү азык-түлүктөрдүн баасын көтөрүп жиберишкендиги белгилүү. Алар “Саман өрттөнсө, Самаркан өрттөндү” дегендей, кошуна Казакстандан коронавирус чыккандыгын “чек ара жабылат экен”,- дешип, уу-дуу салышкандыктан, карапайым эл бар акчасына ун, май, кумшекер сатып алышып, натыйжада дүкөндөр менен базарларда ажиотаж жаралган. Бул көрүнүштү жекшемби күнү базарлар менен супер-маркеттерди кыдырган премьер-министр менен Бишкек мэриясынын аппарат башчысы өз көзү менен көрүп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп чыгышты.
Андыктан өкмөт азыктардын айрым түрлөрүнө бааларды убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу тартибин киргизди. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бийликтегилердин билдирүүсүндө, өлкөбүздө ундун кору бери дегенде эле 3-4 айга жетет. Казакстан менен болсо чек ара жабылган жок. Бул боюнча эки өлкөнүн өкмөт башчылары телефон аркылуу да сүйлөшүштү.
Мамлекеттик жөнгө салуу ун, нан, сүт, суу май, каймак, май, шекер, күрүч, макарон, тоок жумурткасы жана картошканын наркына тийиштүү болот. Чектөө ушул токтом күчүнө киргенден баштап 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө киргизилди. 
Өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине социалдык маанидеги товарлардын баасын мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык, нарктын максималдуу деңгээлин аныктоо тапшырмасы берилди. 
“Жаман айтпай, жакшы жок”,- демекчи, эми жаз алды менен дыйкандарыбыз деле өкмөттү же Казакстанды карап отурбай, буудай эгишсе жакшы болмок.

Булак: “Майдан.kg” газетасы