“Мен Кытайга коркунучтуу вирус жибердим. Анын кесепеттерин өз көзүңөр менен көрөсүңөр! Коронавирустан адамзаттын 70 пайызы өлөт, ал 2070-жылга чейин созулат. Бирок, коронавирус Кыргызстанга келбейт. Аны мен жөнөттүм, кайсы жерге барарын аныктап, чийип койгом. Максатым – жер тазаланышы керек. Менде жарататылыш күчтөру аркылуу башкаруу жөндөмүм бар. Менин сөздөрүм, ойлорум – мыйзам” – бул өзүн “жердеги Кудаймын” деп жарыялаган Арстан Алайдын кеби.
Ачыгын айтуу керек – коронавирустун жайылуусу чагылгандай тездик менен жүрүүдө. Абдан бай, өнүккөн өлкөлөр да вирустун алдында тизелеп, жан соогалап турган чагы. Мына ушундай шартта – Арстан Алайдын: “коронавирус Кыргызстанга келбейт”- деген сөзүн тумар тутуп, чындыкка жалгашын тилеген адам ар бирибиз. Алайдын айткандары четинен туура чыгып келе жатат. Эми мындан аркысы да чын чыгышы керек! Анда Арстан Алай чыныгы олуя болуп, Кудай болбосо да, куткаруучу болуп чыга келиши толук ыктымал!
Ошентип, ар бир адам Арстан Алайдын божомолу чын чыгышын тилеп жаткан учурда, көрө албаган да адамдар пайда болду. Өзүн Урмат Асанбеков деп тааныштырган тамада чалыш бир адам А.Алайды сотко бериптир. “Арстан Алай өзүн Кудай катары жарыялап, коронавирусту жибергенин жар салган. Анын айтканы калп экенин эч ким далилдей албагандан кийин, бул адам чынында бул апаатты жасашы толук мүмкүн. Бүгүн анын айынан көптөгөн иш-чаралар өтпөй калды. Чыгаша болдук, баары анын айынан”,- дейт ал. Ошондуктан, ал соттон Арстан Алайдан өзүнүн пайдасына 50 миң сом өндүрүп берүүнү талап кылды. Тойлорго чектөө киргизген убакта ал ушунча акча тапмак экен.
Арстан Алай соттон коркпосун! Анын айтканы келсе, Кыргыз эли “куткаруучу” катары көтөрүп алат. “Кудайдын жер бетиндеги куткаруучусу” – деп наам ыйгарсак ошондо туура болот го..
Булак: “Майдан.kg” газетасы