Мурдагы президент Аскар Акаевдин бийлигине нааразы болуп чыгып, ок атуудан алты адамдын өмүрү кыйылган Аксы окуясына бүгүн 18 жыл толду. Бул күнгө карата Аксы районунун Боспиек айылында эскерүү иш-чаралары өтөт.
Ага президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Аксы окуясынын жабырлануучулары жана жергиликтүү тургундар катышат.
Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Аксы окуясын эскерүү Бишкекте уюштурулбайт.
Эскерте кетсек, 2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан. Анда ошол кезде камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө талаптары коюлган болчу.
Бул окуянын чоо-жайын учурунда өкмөттүк, парламенттик, аларга удаа коомдук комиссиялар иликтеп, жыйынтыктарын чыгарышкан. Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда негизги күнөө жергиликтүү бийлик жетекчилеринде экени белгиленип, алардын айрымдары сот жообуна тартылышкан. Бирок алардын баарына көп өтпөй мунапыс берилген.
Кийинки президент Курманбек Бакиевдин тушунда да Аксы окуясы боюнча иш кайра козголуп, бирок Жогорку сот Аксы окуясы боюнча кайра тергөөнүн зарылдыгы жок деген чечим чыгарган.
Булак: Элгезит