Өлкө башчынын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, коңшу өлкөлөрдө жана дүйнө жүзүндө коронавирустун жайылышына байланыштуу республикалык бюджеттин аткарылышындагы бүгүнкү жагдай жана бюджеттик каражаттарды үнөмдөө чаралары талкууланды.

Каржы министри Бактыгүл Жеенбаева божомолдор боюнча үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттин аткарылышы мурда бекитилген пландан 85 пайыздын айланасында түзүшү мүмкүндүгүн билдирди. Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджетти аткаруу 96 пайызды түзгөндүгүн маалымдады. Коопсуздук кеңешинин акыркы жыйынынан кийин бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн мүмкүн болгон бардык варианттары караштырылып, чыгашалар боюнча план биринчи кезектеги иш-чаралардын артыкчылыктарын эске алуу менен түзөтүлгөндүгүн айтты.

Ошондой эле Жеенбаева донордук коомчулуктар, анын ичинде Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фонду жана башка эл аралык каржы иниституттары менен республикалык бюджетти колдоого каражат бөлүп берүү боюнча жигердүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

Мамлекет башчы өлкө дүйнөдө коронавирустун жайылып жаткандыгына байланыштуу коркунучтар менен чакырыктарга даяр болуш керектигин баса белгиледи. Кырдаал региондо жана дүйнө жүзүндө турукташканга чейин республикалык бюджеттин чыгымдарын үнөмдөө режимине өтүү зарылдыгына токтолду. Ошону менен бирге үнөмдөө өлкөнү санарипке өткөрүү, соттук-укуктук реформа, укук коргоо органдарын, анын ичинде жол жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуучу органдарды реформалоо, авариялык мектептерди оңдоп-түзөөнүн алкагындагы иш-чараларга тийиштүү болбошу керектигин билдирди.

«Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет тарабынан эмгек акыларды, жөлөкпулдарды, пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөө боюнча социалдык милдеттенмелер аткарылышы зарылдыгын баса белгиледи», - деп айтылат маалыматта.

Булак: Баракелде