Анын айтуусуна караганда, бүгүнкү күндөн тартып өкмөт дем алышсыз иштейт.

"Эс алуу дегенди токтотуп, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик орган жетекчилери, орун басарлары, акимдер, облус жетекчилери дем алышсыз иштейбиз. Күнү-түнү дебей элдин суроолоруна жооп берүүгө даяр болобуз", - деп билдирди өкмөт башчы.

Абылгазиев бүгүн, 16-марттан тартып ЖОЖ жана мектептерде мөөнөтүнөн мурда окуу процесси токтотулгандыгын эске салды.

"Себеп - мектеп, жогорку окуу жайларда массалык иш-чараларды өткөрүүдөн алыс болуу. Анткени, коронавирус илдети эл чогулган жерде бат тарай тургандыгын көрүп жатабыз. Каникулга тарадык деп балдарды дүкөндөргө, оюн-зоор аянтчаларына, ресторандарга алып барбай, эл көп чогулган жерлерден алыc кармоого чакырабыз", - деп айткан өкмөт башчысы, илдетти тартип менен жеңебиз деп баса белгиледи.

"Саламаттык сактоо министрлиги айткан эрежелерди сакташыбыз керек. Жалпы кабыл алынган эрежелер менен бул илдетке каршы тура алабыз деген ойдомун", - деди ал.

Премьер-министр Кытай коронавирус менен күрөшүүдө дүйнө элине, анын ичинде Кыргызстанга дагы жардам бере тургандыгы билдирди.

Булак: Кабар