Балдарды коргоо жылында Токмокто пансиондогу жетим, коргоого муктаж 100 бала көчөдө калганын айтып президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. Кайрылуунун текстин толук жарыялайбыз.
«1997-жылы банкрот болгон Эт Комбинаты карыздары чүн спецадминистратор жалдап, активдерин сатат. Мыйзамдуу түрдө, прокуратура билет, анын катарында эт коминаттын бала бакчасы да жеке адамга сатылат. Акчасы төлөнгөн, юридикалык жактан документтештирилген. Андан кийин бала бакча 2-, 3-колго сатылат.

2007-жылы кайрымдуулук фонд кароосуз калган бала бакчаны сатып алып, капиталдык ремонттон өткөрүп, балдар пансионун ачышат. Бул жерге өлкөнүн баардык тарабынан тоголок жетим, жарым жетим, же жашоосу начар, кароодон өксүк тарткан балдар кабыл алынып, камкордукка алына баштайт.

Пансиондун ишмердиги-мындагы балдар кадимкидей эле Токмок шаарынын мектептеринен орто билим алышат, андан тышкары пансиондо кошумча курстардан окушуп, намаз үйрөнүшөт, адеп сабактарын алышат. Мектепте алдыңкы окуучулардан болуп,. ар кандай олимпиадаларга катышып, спорттук мелдештерде жеңиштерди камсыздашат. Каржылоо толугу менен кайрымдуулук фонддордон, ырайымдуу адамдардан.

2019-жылы билим берүү жайлары кайрадан тармактын өзүнө алынсын деген жарлык чыгарат.

Ушул жарлыкты бетине кармаган Токмок шаардык прокуратурасы «бөрк ал десе баш алып» Токмок пансиону жеке колдорго мыйзамсыз өткөн деген шек менен сотко арыз жазып, райондук сот, шаардык соттор прокуратуранын бир беткей арызын эле канааттандырып жүрүп отурат. Экинчи тараптын аргументтери, жүйөлөрү эч суу кечпейт.

Болбосо, бул пансионду иштетип жаткандар 3-колдон сатып алган акниет сатып алуучулар экени, бала бакча эт комбинатынан сатылганда бардык юридикалык документтер кынтыксыз болуп, процесстер мыйзамдуу болгону эске такыр алынбай калган.

Кызыгы, шаар прокутарутасы кимдин кызыкчылыгын көздөп жатканы белгисиз. Себеби, Токток шаардык мэриясы бул бала бакчаны алууга деле кызыкдар эмес. Себеби, ошол Токмок пансионунан 100 метр жерде дагы бир бала бакча, 300 метр жерде 2-бала бакча, 500 метр аралыкта 3-бала бакча аңгырап бош, кароосуз токтоп турганын өз көзүбүз менен көрдүк. Токмок мэриясы андай болсо ошол бала бакчаларды оңдоп-түздөп элге ишке бербейби, бул даяр, капиталдык ремонттон өткөн, билим берүү тармагында иштеп жаткан, болгондо да социалдык жактан аялуу катмардын балдарына камкордук көрүп жаткан пансионго көз артпайт?!

Кыскасы, абал абдан аянычтуу. мунун ошол жердеги 20га чукул коңшу тургундар да белгилеп, пансиондун ишмердиги ачык, эч кандай диний же радикалдык терс усул, багыттарга бурулбай, тескерисинче, шаардын элине, балдарына үлгү көрсөткөн мыкты мекеме экенин белгилеп, бул ТОКМОК ШААРЫНЫН ПРОКУРАТУРАСЫНЫН РЕЙДЕРЛИК ТАРТЫП АЛУУ аракети экенин бир ооздон баса белгилешти.

Ошондуктан, эртең 18-мартта Жогорку Сотто тагдыры чечиле турган МЫЙЗАМСЫЗДЫКка Президенттин көңүлүн бургубуз келет. Балдарды коргоо жылында 100 баланы кордоп, көчөгө чыгарып койгондо бул дүйнөнүн да аркы дүйнөнүн да тозогуна түшөбүз го?!

Ушул маалыматты таратып, мыйзамсыздыкка каршы туруп, соопчулук иш да кылууңарды баарыңардан өтүнөм. Мамлекет жетим-жесирлерге толук камкордук кыла албаса да, кайрымдуулук менен каралашып жаткан тараптарга бут тоспосо болот эле!!!».

Булак: Элгезит