Аламан жарышка түшкөн саясатчылардын ичинде куру сөз менен курсак тойгузган демагогдор көп экени жашыруун эмес. Тили менен буудай куурушат. Элге эч нерсе кылышкан эмес. Алар иши менен элдин оозуна алынган адамдардын алдында эшикке да чыга албашын жакшы билишет. Мындайда эски, далай жолу жемишин берген тактика жардамга келет – атаандашын болушунча шыбап, жалган болсо да жаманатты кылуу. Бул тактика кээде иштейт, себеби, биздин эл көп учурда ушакка ишенет эмеспи...
Биздин редакцияга С.Тентишев атындагы Азиялык медицина институтунун негиздөөчүсү, Солтолор коомунун төрагасы Эркин Тентишевге байланыштуу материал келип түштү. Окусак, өйдөдөн ылдый болушунча жугунду куюшуптур. Кеп эмне тууралуу болгонун ачыктабай эле кетели, баары бир анын баары ушак эмеспи... Албетте, анын артында Э.Тентишевге атаандаш болгусу келген, жогоруда айткандай, анын жанында көчөгө чыга албаган, ошондуктан эптеп жамандап элге жек көрсөткүсү келген саясатчы сөрөйлөр турары белгилүү. Бирок, мындай материалдарга бизде орун жок. Бул бир четинен. Экинчиден, биздин гезит 2018-жылы Э.Тентишев жетектеген Азия медицина институтуна “2018-жылдагы эң алдыңкы коррупциясыз ЖОЖ аймагы” наамын ыйгарган. Бул наамды берүүдөн мурда өзүбүз да буга толук ынанган элек. “Эң алдыңкы коррупциясы ЖОЖ аймагы” деген расмий наамды АзМИге бизге чейин ыйгарышкан. Атайын текшеришип, сынашып жүрүшүп... Биз ошол наамдын чындык экенин тастыктап, элдик “признание” жасадык. Бүгүн бул окуу жайда мугалимдер студенттен гүл да албайт. Анткени, бул да коррупциянын бир элементи. Мына ошондой чоң жетишкендиги үчүн да Эркин Тентишев президенттин колунан “Даңк” медалын алып жатпайбы! Ажобуз деле Эркин мырзанын буга чейин эл үчүн жасаган чоң иштерин эске алса керек да..
АзМИни азыркы деңгээлге чыгарууга канча мээнет кетти! Учурда АзМИде 18 мамлекеттин атуулдары билим алышууда. Айрыкча Индия жана Пакистан мамлекеттеринде бул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү өзгөчө кадыр-баркка ээ. АзМИнин бүтүрүп барган адистердин айлыгы 25 миң долларды чапчыйт. Ошондуктан да, айтылуу Медакадемия капкачан артта калды десек жаңылышкандык болбойт. Өлкөбүздүн экономикалык кырдаалы кыйын болуп турган чакта Эркин Тентишев АзМИ аркылуу билинбеген менен жакшы инвестиция алып келе жатат. Себеби, чет мамлекеттик студенттар окуусуна акча төлөйт, жашайт, тамак жейт, кийинет. Мына ушунун арты менен Кант шаары өлүк шаардан тирүү организмге айланды. Эми келечекте Э.Тентишев Кантта 1000 орундуу ар тараптуу багыттагы заманбап оорукана курууну ойлонууда. Жер маселеси чечилсе эле бул аруу кыялы ишке ашчудай....
Эркин Тентишевди ар жагынан асылып, жамандап жаткандар бул инсандын эл ичиндеги кадыр-баркын дагы эске алышса керек. Себеби, бул кишини Солто коомуна жакында экинчи ирет төрага кылып, катары менен шайлап алышты. А солтолор шайлоолордо чоң күч, андыктан Тентишевди алсыратыш керек болуп жатат да. Тентишев турганда солтолор ынтымактуу, өз таламын талашканды билип калышты. Чачыранды болбой, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган мыкты коомго айланды. Коомдун төрагасы, эркин ишкер катары көптөгөн кайрымдуулук иштерди колго алып келе жатат. Бирок, Эркин мырза мунун баарын ачыктап, мактанганды жакшы көрбөйт.
Андыктан, макаланы окуган адам – Эркин Тентишевге эмне үчүн асылуулар күч алганын түшүнүшөт. Мунун баары шайлоонун шайтан оюндары....
Булак: "Майдан.kg" газетасы