Бүгүн Кыргызстандын мечиттеринде жума намаз убагында Курандан алынган кыска сүрөлөр окулат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КРнын Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

- Адаттагыдай эле азан окулат, бирок, убактысы кыскарат, - деп билдиришти алар. - Мындай чара мечитте чогулган жарандарды имаратта көп убакытка кармабаш үчүн, коронавирустун алдын алуу алкагында көрүлүп жатат..
 

Булак: vesti.kg