Москва шаарынын Кызыл аянтында өтө турган Жеңиш парадына Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын 52 жоокери катышууга барат. Бул тууралуу КРнын ККнүн Башкы штабынан билдиришти.

- Москвага Улуттук гвардиянын жоокерлери гана барат, мындан сырткары К. Үсөнбеков атындагы Аскердик институттун курсанттары Екатеринбургдагы парадка катышышат, - деп билдиришти мекемеде. - Калган бардык күчтөр Жеңиштин 75 жылдыгына карата Бишкекте өтө турган майрамдык иш-чараларга тартылат.

Ал ортодо Каттоо кызматы Улуттук гвардиянын солдаттарына Москвага баруу үчүн документтерин даярдап жатышканын маалымдашты.

Булак: vesti.kg