Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов жана Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин жолугушуусу 12-мартта Баткенде өттү. Фергананын башчысы алгач Алишер Абдрахмановду жаңы кызмат орду менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ар тараптуу кызматташуу ишеничин билдирди.

Ал эми ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов кошуна мамлекеттер менен карым-катнаш, кызматташтык мамиленин орду өзгөчө экенин белгиледи. Ал коңшулаш Фергана облусу менен бир пикир, бир максатта чогуу иштөө ниетин билдирди. Бул тууралуу Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууда тараптар кызматташуунун келечегин талкуулап, эки элдин карым катнашын, облустар аралык социалдык-экономикалык, маданий байланыштарды чыңдоону сүйлөштү. Мындан тышкары Баткен-Фергана облустарынын жакынкы жылдарга мерчемделген иш-чаралар планын иштеп чыгып, бекитүүнү макулдашты.
Облус башчылары менен кошо Баткен-Фергана облустарынын чектеш райондорунун башчылары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да жолукту.

Кыргызстандын Баткен облусу менен Өзбекстандын Фергана облусунун ортосунда эки чек ара бекети бар. Алар: Кадамжай жана Кызыл-Кыя чек ара бекеттери.

Булак: Азаттык